Мээрим Жуманазарова Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты 

Бүгүн, 11-апрелде Балбан Мээрим Жуманазарова таймашка чыгып, беттешти чейрек финалдан баштады. Мээрим Жуманазарова (68 кг) Астана өтүп жаткан Азия биринчилигинин жарым финалына чыкты.

Биринчи кармашында кореялык Минжи Ха менен күрөштү. Жуманазарова беттештин биринчи бөлүгүндө 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Буга чейин Айпери Медет кызы (76 кг) жарым финалга чыккан.

Эскерте кетсек, күрөш боюнча Азия биринчилиги Астана шаарында өтүүдө. Ал 9-апрелде башталган, 14-апрелде жыйынтыкталат.