Кызыл-Кыяда милициянын демилгеси менен видеобайкоолор орнотулууда

Кызыл-Кыя шаарынын аймагында кылмыштуулукту алдын алуу, коомдук тартипти сактоо жана элдин турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизген уурулук кылмыштарына бөгөт коюу багытында милициянын демилгеси менен мал базарларга видеобайкоолор орнотулуп, базарга келген жарандарга мал уурулукту, чөнтөк уурулукту алдын алуу багытында милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул туурасында Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта, Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы Караван айылындагы мал базарга видеобайкоо орнотулуп, кылмыштуулукту алдын алуу багытында иштер алып барылып жатканы айтылат.
Коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулукту алдын алууда элге сапаттуу сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүү максатында милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде шаар ичиндеги кичи райондорго барып эл менен жолугууда.

43a468ae 2e48 4f48 8547 9a8af7fd1f7e Кызыл-Кыяда милициянын демилгеси менен видеобайкоолор орнотулууда