Нарын ОИИБ: бир нече алдамчылык фактысына шектүү жаран кармалды

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2023-жылдын 7-март күнү Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургуну 1998-жылы туулган Т.К. арыз менен кайрылган. Анда, 2022-жылдын 8-ноябрь күнү лалафо социалдык тармагына 50 (элүү) баш тай 16 (он алты) баш эркек кунандар сатылат деп жарыялап, 11-ноябрь күнү уюлдук номер аркылуу өзүн “Нурлан” деп тааныштырган адам чалып, тайларды 27000 сомдон, кунандарды 46000 сомдон, айгырды 90000 миң сомдон баалап, 2022-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү “Нурлан” аттуу адамдын малчысы “Нурбек” аттуу адам келип, жалпы 47 баш тай, 16 баш кунан, 1 баш айгырын жүктөп кеткен. Жалпы малдын баасы 2 950 000 сомду эки күндүн ичинде берем деп кеткен. Банк аркылуу 980 000 сомун которуп, калган 1 115 000 сомун ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолорду айтып бербей, азыркы күнгө чейин изин жашырып жүргөн.

“Натыйжада арыз ээси Т.Кга 1 115 000 (бир миллион бир жүз он беш миң) сомдук олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт Нарын ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрына катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209 (Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Нарын ОИИБдин кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1989-жылы туулган Д.Н. кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык,шектүүКыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Нарын шаарында жайгашкан №24 мекемесине камакка алынган.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда”, – деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы жарандан жабыр тарткандар болсо Нарын ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө (03522) 5-09-21, 0(700) 490-019 номерине же күнү-түнү кызматтагы “102” кыска номуруна кайрылсаныздар болот.