Шайлоого катыша турган талапкерлердин саны үчкө жетти

 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны үчкө жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-мартта БШКга арыз менен үч талапкер кайрылган.

— Марат Арзыкулов;
— Эркин Булекбаев;
— Максат Кунакунов.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.

Эскерте кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

img 9035 Шайлоого катыша турган талапкерлердин саны үчкө жетти
photo 2023 04 03 12 59 39 Шайлоого катыша турган талапкерлердин саны үчкө жетти
whatsapp image 2023 04 03 at 145806 Шайлоого катыша турган талапкерлердин саны үчкө жетти