Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды

Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 3-апрелинде КР УКМК Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын жаранына карата сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 20 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын банк картасына которуу учурунда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын лейтенанты Ж.А.Т. кармалды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

bd6d922a c84f 4de9 9d5e 4219345a50d1 Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды
d1f330d2 36b9 4637 b8fe b0a2f9ccc19a Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды
f50d16d3 d956 47aa 9065 94a9fbdbfef2 Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды