
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2023-жылдын 26-мартында социалдык түйүндөрдө күрөөчүлөр делген жарандарды белгисиз адамдар сабап жаткан видео жарыяланып, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Аталган кылмыш Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы тарабынан көзөмөлгө алынган.
“Ыкчам –иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБдин тергөө кызматы менен биргеликте, өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырып, күрөөчүлөрдү ээн жерлерге алып барып, сабап, “Принцесса Дури” аталышындагы интернет-дүкөнүнөн уурдалган баңги заты үчүн кечирим суроого мажбурлашкан. Бул көрүнүштү камерага тартып, кураторлоруна жөнөтүшкөн.
3-апрель күнү Атайын операциялар отрядынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте 2001-жылы туулган А.у.Г., 2000-жылы туулган К.Т. жана 2004-жылы туулган К. А. кармалган.
Шектүүлөрдүн жашаган жерлеринде ыкчам иликтөө иш-чаралары жана тинтүү иштери жүргүзүлүп, буюм далилдери алынган. Баңги топтун башка мүчөлөрүнүн өздүгү такталып, атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Белгилей кетсек, кылмыш иши КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу)фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, анда мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган” , деп айтылат маалыматта.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы топтун ишмердүүлүгүнөн жапа чеккен жарандарды Кызматын өзүнө же сизге жакын жайгашкан милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырат.
Кызматтын түзүмүндө интернет мейкиндигин күнү-түнү көзөмөлдөгөн адистештирилген бөлүм бар. Өткөн жылы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 230 кг ашык психотроптук заттар алынып, 10го жакын баңги лабораториялары жоюлган.
Урматтуу кыргызстандыктар жана республиканын коноктору, тез акча табуу үчүн ар кандай сунуштарды кабыл албагыла! Баңги топторун мүчөлөрү жаштарды мыйзамсыз иштерге тартуу үчүн ушундай айла-амалдарды колдонушат. Шектүү киреше табуу, сизди жана жакындарыңызды кыйратышы мүмкүн!
Эскертебиз: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо)фактысы боюнча кылмышты жасаган, баңги каражаттарын өз ыктыяры менен тапшырган, анын бетин ачууга же бөгөт коюуга жигердүү салым кошкон жаран беренеде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.



