Максим Горький атындагы көчө шейх Зайед бин Султан Аль Нахайян көчөсүнө өзгөртүлүшү мүмкүн

Бишкектеги Максим Горький атындагы көчө шейх Зайед бин Султан Аль Нахайян көчөсү деп өзгөртүлүшү мүмкүн. Ал Бириккен Араб Эмираттарынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти.

Маалымат мэрия тарабынан тастыкталды.

“Шаар мэриясы бул маселе боюнча талкуу кылып жатат. Чечимди кабыл алган комиссияда бул маселе карала элек”, – деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.