БШКга №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкерден биринчи арыз келип түштү. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-мартта БШКга Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкер Эркин Булекбаевден арыз келип түштү.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.
Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.