БШК: 14 айылдык кеңештердин депутаттыгына 470 талапкер, анын ичинде 164 аял талапкер катталды

БШК 2023-жылдын 29-мартына карата айылдык кеңештердин депутаттыгына 470 талапкер, анын ичинде 164 аял талапкер катталгандыгын маалымдайт.

14 айылдык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 254, анын ичинде шайлоо округдарында 97 мандат аялдар үчүн резервде калтырылган.

Ар бир талапкер тууралуу кеңири маалыматты «Талапкер» https://talapker.shailoo.gov.kg/ky/kenesh_aiyl маалымат ресурсунан алса болот.

Бул ресурстан шайлоочу талапкерлер тууралуу, ар бир талапкердин шайлоо алдындагы программасы жана шайлоо фондунун каражаттарынын кыймылы тууралуу биле алат.

Ошондой эле, шайлоочулар шайлоо участокторунда илинген плакаттардан талапкерлер тууралуу маалымат алса болот.