“Документтери жок”: 7 млн 500 миң сомдон ашык салык салынууга тийиш болгон товар ташуу фактысы аныкталды

Кыргызстанга товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

30-мартта “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунан М.Э.Х. аттуу жарандын башкаруусундагы “ДАФ” үлгүсүндөгү 06KG411ADM мамлекеттик номерлүү оор жүк ташуучу унаа чиркегичи менен кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын ичинен тиешелүү документтери жок баасы 7 млн 500 миң сомдон ашык салык салынууга тийиш болгон товардык-материалдык баалуулуктар табылган.

Учурда мыйзамсыз аракеттин шериктерин аныктоо жана милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюудан чыккан зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

gknb kr o presechenii fakta nezakonnogo vvoza tovarno "Документтери жок": 7 млн 500 миң сомдон ашык салык салынууга тийиш болгон товар ташуу фактысы аныкталды