Эрулан Көкүлов түнкү клубта баш кийимин жана күрмөсүн чечкиси келбей, милиция чакырган

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов “Промзона” түнкү клубунун кире беришинде баш кийимин жана күрмөсүн чечкиси келбей, милиция чакырган. Ал муну администрация тарабынан конституциялык укугун бузуу катары баалаган. Бул тууралуу видеону Гулнура Торалиева таратты.

Эл өкүлү Көкүлов аталган жайдын администрациянын сырт кийимин чечүү өтүнүчү анын укугун бузгандык деп түшүндүрүп, милицияга кайрылганын тастыктады.

Эл өкүлүнүн мындай жүрүм-туруму татыктуубу деген суроого Көкүлов депутат катары эмес, жаран катары милицияга кайрылганын айтты.

Ал эми администрация өз кезегинде бул клубдун эрежесин бузуу деп түшүндүргөн.

Эске салсак, жакында эле депутат Эрулан Көкүлов менен “Кадастрдагы” “ВИП-Секьюрити” детективдик жана күзөт агенттигинин кызматкери Дубанбек Сүйүналиевдин ортосунда чыр чыккан.