Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы ишембиликке катышты

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери дагы жалпы шаардык ишембиликке катышты.

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 18-март күнү Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери, кызматтык формасын жумушчу кийимине алмаштырып, жалпы шаардык ишембиликке чыгышты. Бир нече сааттын ичинде кызматкерлер бекитилген аймакты жана административдик мекеменин айланасын иретке келтирип, кургак жалбырактарды, таштандылардын калдыктарын тазалап иретке келтиришти.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери ар дайым тазалыкты жана тартипти сакташат, ошондой эле шаардын тургундарын жана конокторун, шаарыбыздын тазалыгын, иретке келтирилген көрктөндүрүүнү сактоого чакырышат.

WhatsApp Image 2023 03 18 at 09.48.09 Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы ишембиликке катышты
WhatsApp Image 2023 03 18 at 09.48.08 1 Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы ишембиликке катышты
WhatsApp Image 2023 03 18 at 09.48.09 1 Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы ишембиликке катышты