УКМК: Жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасын аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды

Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 17-мартында Разаков шаарынын унаа жолунда (Баткен районунун Ак-Татыр айылы) Лейлек районунун 1999-жылы туулган М.у.А. аттуу тургунунун башкаруусундагы “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү 03KG620ABM мам.номерлүү автомашина токтотулган.
“Текшерүү учурунда унаадан жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын 70 кап аммиак селитрасы табылган. Айдоочунун жанында тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес. Унаа жана жүк “Орто Боз” чек ара заставасынын аймагына жайгаштырылды”, – деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Учурда тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 03 18 at 10.48.54 УКМК: Жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасын аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды
WhatsApp Image 2023 03 18 at 10.48.54 1 УКМК: Жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасын аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды
WhatsApp Image 2023 03 18 at 10.48.54 2 УКМК: Жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасын аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды