ВИДЕО: Курама айыл аймагынын чарба бөлүмүнүн башчысы 15 миң сом пара менен кармалды

Чүй облусунун Панфилов районунун Курама а/а турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы кармалгандыгын УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

WhatsApp Image 2023 03 18 at 11.15.15 ВИДЕО: Курама айыл аймагынын чарба бөлүмүнүн башчысы 15 миң сом пара менен кармалды

Маалыматта, КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө, опузалап пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылдын 17-мартында Панфилов районунун Курама а/а турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн башчысы Ж.Р.Б. жергиликтүү тургун А.С.Г. аттуу жарандан аны административдик жоопкерчиликке тарттырбоо үчүн 15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалгандыгы тууралуу айтылат.
Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 03 18 at 11.15.14 1 ВИДЕО: Курама айыл аймагынын чарба бөлүмүнүн башчысы 15 миң сом пара менен кармалды
WhatsApp Image 2023 03 18 at 11.15.15 1 ВИДЕО: Курама айыл аймагынын чарба бөлүмүнүн башчысы 15 миң сом пара менен кармалды