ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Ички иштер министрлиги өз аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана тазалоо иштерин жасашты.
18-мартта Кыргызстанда социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарлардын жана калк жыш жайгашкан пунктардын аймагын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында жалпы республикалык ишембилик өткөрүлүп жатат.
Буга утурлай, ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери дагы жалпы республикалык жазгы ишембиликке чыгышты. Милиционерлер ведомствонун аймагын жана ыйгарылып берилген жерлерди тазалашты. Шаймандар менен жабдылган кызматкерлер аймактагы жалбырактарды шыпырышып, дарактардын эски бутактарын алышып, таштандыларды тазалашты. Кызматкерлер жагымдуу маанай менен иштешип, тосмолорду боёшуп, аймакты иретке келтиришти.

WhatsApp Image 2023 03 18 at 08.13.08 2 ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты
WhatsApp Image 2023 03 18 at 08.13.10 ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты
WhatsApp Image 2023 03 18 at 08.13.08 1 ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты
WhatsApp Image 2023 03 18 at 08.13.09 ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты