“47 депутат 199 сунуш жана сын-пикирлерди киргизди”: Комитет Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү колдоду

Жогорку Кенештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “КР салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору 1-2-окууда каралып, берилген сунуштарды эске алуу менен жактырылды.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев катышты.

Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан демилгеленген.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев белгилегендей, мыйзам долбоору контролдук кассалык машиналарды жана электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын милдеттүү колдонуу шартында салык салуунун патенттик системасын оптималдаштыруу аркылуу жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин товарларды жеткирүүнү, калкка жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүнү жүргүзгөн субъекттерди бардык салыктарды төлөөдөн бошотууну карайт.

Комитет төрагасы Данияр Төлөнов 47 депутат 199 сунуш жана сын-пикирлерди киргизип, алардын айрымдары Министрлер кабинети тарабынан эске алынганын маалымдады.

Депутат Эльвира Сурабалдиева, Салык кодексинин нормаларын Конституцияга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизгендигин белгиледи. Эл өкүлү реформалардын керектигин, бирок сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда бир катар жоюуга тийиш болгон ченемдер бар экенин айтып, салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонуу тартибине өзгөчө көңүл бурду.

Ал эми депутат Дастан Бекешев салык агентинин ишмердүүлүгү тууралуу маселе көтөрдү.

«Учурда программалык камсыздоолорду кайра сатуу менен алек болгон көптөгөн компаниялар көйгөйлөргө дуушар болууда. Эмне үчүн аларды КНС төлөөчү кылып атасыңар?», — деп кызыкты депутат.

Андан тышкары, депутат Марлен Маматалиев Электрондук товардык-транспорттук кагаздарды (ЭТТН) колдонуудагы кыйынчылыктарды эске алып, ишкерлерге жаза чараларын колдонбой турууга чакырды.

Өз кезегинде депутат Камила Талиева Баткен облусундагы салыктын түрлөрүн тактап, бул жаатта курулуш тармагын колдоо максатында жеңилдетилген салыктарды кароону сунуштады.

Депутат Надира Нарматова Салык кодексиндеги бир катар пункттарды эске алуу керектигин, тактап айтканда, базарлардагы абалды соода борборлорунун шарттары менен салыштырууга болбостугун белгиледи.

Депутат Айбек Алтынбеков аймактарда коомдук тамактануу кызматын көрсөткөн салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салык ставкасын 4% деңгээлинде белгилөөнү сунуштады.

x333581264 1697625577321210 5116880186405474514 n  "47 депутат 199 сунуш жана сын-пикирлерди киргизди": Комитет Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү колдоду