Түркия Кыргызстанга “Дельта” кайыгын гранттык негизде берди

Түркия Кыргызстанга “Дельта” кайыгын берди.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдүн бүтүндөй акваториясын таштандылардан жана балык уулоочу торлордон арылтып, тазалоого киришти.

Келечек үчүн маанилүү жана масштабдуу иш-чараны расмий түрдө Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ачып жатып: «Көлүбүздү таза сактоодо тарых алдында жана келечек үчүн үлгү бололу» , — деп баса белгилөө менен бирге жалпы замандаштарды табигат тартуулаган байлыкты сактоого чакырды.

Алдыңкы 1-2 жыл аралыгында көлдүн суусун толугу менен таштандылардан арылтып, тунук жана дарылык касиети күчтүү ыйык көлүбүздүн көркөмүн, флора, фаунасын сактоодо ӨКМ жана тиешелүү ведомстволор болгон күч-аракетин жумшашат.

Жаңы келген «Дельта» катерин Кыргызстанга гранттык негизде берүү боюнча былтыр министр Бообек Ажикеевдин Түркия мамлекетинин ички иштер министри Суйлейман Сойлу менен болгон жолугушуусунда макулдашылган.

Белгилей кетсек, 12-марттан тарта ӨКМдин суучулдары жана ыктыярчылар тарабынан көл суусун тазалоо иши Ысык-Көл облусунун Түп районунуна караштуу Ысык-Көл айылында башталды.