Бажы кызматы Өзбекстандан 2,6 млн сомдук күрүч ташып келаткан жаранды кармады

Баткен бажысынын кызматкерлери 17,5 тонна контрабандалык күрүч ташып бараткан жаранды кармашты. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Баткен» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, Раззаков — Баткен — Ош унаа жолунда КР жараны «А.А.Ж” башкаруусундагы «Volvo FH13.460» маркасындагы автоунаа текшерилген.

Бажылык текшерип кароодо автотранспорттун жүк бөлүгүнөн 700 кап көлөмүндө, Өзбекстанда өндүрүлгөн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтери жок, күрүч-товар табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 17 500 кг, орточо базар баасы 2 625 000 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар териштирүү иштеринин алкагында Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

1024x573xfoto gts 7.jpg.pagespeed.ic .eJrYO76tu7 Бажы кызматы Өзбекстандан 2,6 млн сомдук күрүч ташып келаткан жаранды кармады