Мэр эл тарабынан шайланат. Мыйзам долбоору талкууда

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын мэрин калаа тургундары тарабынан шайлоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Мыйзам долбоору Жанар Акаев жана башка депутаттар тарабынан даярдалган.

Ал мыйзам долбоорун тааныштырып жатып, шаар тургундары мэрди өздөрү шайлоого мүмкүнчүлүк алса, талапкерлер арасында атаандаштык болуп, күчтүү лидерлердин чыгышына өбөлгө түзүлөрүн билдирди. Аны менен бирге ал акыркы эки жылда Бишкекте сегиз мэр алмашканын белгилеп, мэр эл тарабынан шайланса, туруктуулук болорун сөз кылды.

Министрлер кабинети бул мыйзам долбоорун колдобой турганын билдирген.

Аталган мыйзам долбоорунда айтылгандай, кийинчерээк мэрди шаар тургундары тарабынан шайлоо практикасын өлкөнүн башка шаарларына да жайылтуу каралган.

Эскерте кетсек, учурда Бишкек шаарынын мэри президент тарабынан дайындалат.