Эки депутат Азербайжандагы ТүркПАнын отурумуна катышышты

2023-жылдын 6-мартында Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов жана Марлен Маматалиев Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин жетекчилиги астында уюштурулган ТүркПАнын айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын 8-отурумуна катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн кыргыз делегациясынын мүчөсү, Жогорку Кеңешинин депутаты Марлен Маматалиев Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдардын каза болушуна байланыштуу көңүл айтып, каза болгондордун жаткан жери жайлуу болушун, ал эми жаракат алгандар тез сакайып кетишин тиледи.

Өз сөзүндө кыргыз делегациясынын мүчөсү, Жогорку Кеңешинин депутаты Тазабек Икрамов дагы түрк делегациясына көңүл айтып, кыргыз эли боордош түрк элинин кайгысын тең бөлүшүп жатканын билдирди. Эл өкүлү иш-чаранын уюштуруучуларына жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, парламенттер аралык кызматташтыктын жана жалпы уюмдун ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүү өнүгүшүнө ишенимин билдирди.

Тараптар 8-отурумдун алкагында баяндамачалыр тарабынан сунушталган күн тартибин, “ТүркПА мүчө өлкөлөрдө биотүрдүүлүктү коргоо” жөнүндө отчётун, сунуштамаларын, “репродуктивдүү ден соолукту коргоо жөнүндө” моделдик мыйзамдын добоорун жана комиссиянын 8-отурумунун өткөрүү убактысын, ордун жана күн тартибин кабыл алышты.

Андан соң кыргыз делегациясынын мүчөлөрү азербайжан, казак жана түрк делегацияларынын мүчөлөрү менен бирге ТүркПАнын катчылыгына барышты. Иш-чаранын катышуучулары ТүркПАнын имараты менен таанышышты.

Улуттук делегациялардын мүчөлөрү бири-бирин комиссиянын 8-отурумунун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташып, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн биргелешип күч-аракет жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.