Өзбекстанда белгилүү вайнер наркоздон кийин каза болду

5-мартта Ташкентте 27 жашында өзбекстандык белгилүү вайнер, Mittivine тамашалуу долбоорунун негиздөөчүсү Фарход Маннопов каза болду. Бул тууралуу  Podrobno.uz жазып чыкты.

Манноповдун өлүмү тууралуу анын досу, Вайнер Улугбек Шодибеков кабарлады. Анын айтымында, бир нече күн мурун Маннопов бассейнде сүзүп жүрүп башынан жаракат алган.

Тааныштарынын айтымында, окуядан кийин Вайнер ага операция жасатуу үчүн Ташкенттеги жеке клиникалардын бирине кайрылган. Операция учурунда наркоздон кийин комага түшүп, эсине келген эмес.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Хает Шамсутдинов Маннопов хирургиялык операциядан кийин каза болгонун тастыктады.

Тергөө иштерин прокуратура жүргүзүүдө, дарыгерлердин аракетине кызматтык текшерүү дайындалды. Шамсутдиновдун айтымында, Манноповдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш боюнча дарыгерлердин кармалып же абакта жатканы тууралуу маалыматтар негизсиз жана чындыкка дал келбейт.

Фарход Маннопов ар кандай күнүмдүк темадагы кыска тамашалуу видеолорду тарткан. Анын Instagram баракчасына 1,2 миллион жазылуучу бар.

OIF 59 Өзбекстанда белгилүү вайнер наркоздон кийин каза болду