Унаанын айнегин талкалап, 50 миң сом уурдагандардын видеосу

Бишкекте уурулук кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи кабарлады.

Маалыматка ылайык, 17-февралда Свердлов РИИБге жаран кайрылып, 9-февраль күнү анын унаасынын каптал терезесин талкалап, ичиндеги 50 миң сому менен телефонун алып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

«Кылмышка шектелип 1987 жана 1988-жылы туулган жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Милиция шектүүлөрдөн жабыркагандарды издеп жатат. 0(702) 169-999 номурларына кайрылсаңар болот.