Марлен Маматалиев: “Мектептерде наркотикалык момпосуйлар сатылат”

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев «Принцесса дури» боюнча өз пикирин айтты.

«Кечээ «Принцесса дури»  деп ызы-чуу чыкты. Бул бери жагы эле. Атайын мектептерде наркотикалык конфеттер сатылат экен. Клейлер сатылат экен. 8-мартта балдар кыздарга электрондук тамеки белек кылышыптыр. Ушундай көрүнүштөр мектептерде көп учурап жатат. Ушуну өзүнчө карап койсок», — деди депутат.

Эске салсак, 3-апрель күнү Атайын операциялар отрядынын колдоосу менен 2001-жылы туулган А.у.Г., 2000-жылы туулган К.Т. жана 2004-жылы туулган К. А. кармалган.

Шектүүлөрдүн жашаган жерлеринде ыкчам иликтөө иш-чаралары жана тинтүү иштери жүргүзүлүп, буюм далилдери алынган. Баңги топтун башка мүчөлөрүнүн өздүгү такталып, атайын иш-чаралар өткөрүлүүдө.