АКШнын экс-президенти Дональд Трамп сот аяктагандан кийин кое берилди

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Нью-Йорктогу сотто бизнес документтерин жасалмалоо тууралуу 34 пунктан турган айыптоолор боюнча күнөөсүн мойнуна алуудан баш тартты.

Эске салсак, 4-апрелде Трамп Манхэттен аймактык прокурорунун кеңсесинде формалдуу түрдө камакка алынган. Андан соң ал айып тагуу үчүн сот залына жеткирилип, сот аяктагандан кийин кое берилди.

Reuters агенттиги прокурор Элвин Брэггдин айткандарына таянып, Трампка шайлоочулардан мыйзамсыз аракеттерин жашыруу максатында бизнес документтерди жасалмалоо айыбы тагылганын жазды. Бул иш боюнча кийинки болжолдуу угуу 4-декабрга белгиленди.

Дональд Трамп – АКШнын тарыхында кылмыш айыбы тагылып жаткан алгачкы экс-президент. Тергөө иштери Трамптын порноактриса Сторми Дэниэлске ортодогу мамиле тууралуу “үн катпоо үчүн” 130 миң доллар бергенине байланыштуу. Маалыматка караганда, актрисага акча 2016-жылы, президенттик шайлоого жакын берилген.

Трамп жана анын адвокаттары айыптоону төгүндөп, муну мурдагы республикачыл президентти куугунтуктоо деп атаган. Демократтар иште саясий өңүт бар экенин четке кагууда.

Былтыр ноябрда Дональд Трамп Республика партиясынын атынан 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирген. Айып тагуу – анын шайлоо өнөктүгүнө катышуусуна формалдуу түрдө тоскоолдук жаратпайт.