Алмазбек Атамбаев сот залынан чыгарылды

Биринчи май райондук сотуна мурунку президент Алмазбек Атамбаев алып келинди.

Соттук отурумда 2010-жылы түштүк жергесинде болгон Июнь окуялары боюнча иш каралууда. Ага Коопсуздук кеңешинин катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев жана саясатчы Бектур Асанов алынып келинди.

Сот отуруму башталгандан кийин мурдагы президент тосмону тепкилеп кайрадан чуу салып, залдан чыгарылды.