Депутат чек ара айылдарынын тургундарынын насыясын толугу менен кечүүнү суранды

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева мамлекеттик жана коммерциялык банктардан Баткен районунун Тажикстандын аргессиясынан жапа чеккен чек ара айылдарынын тургундарынын насыясын толугу менен кечүүнү суранды.

Анын айтымында, ал Лейлек районунун тургундары менен жолугуп, айыл тургундарынын бүгүнкү күндө каржы уюмдарынан алган насыяларын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок экенине күбө болгон.

«Жаштык, Достук, Арка, Борбордук айылдарынын 400гө жакын тургундарынын ар кандай коммерциялык банктарда насыялары бар. Бул каржы институттарына көрсөтмөлөрдү бериңиз. насыяларын толугу менен кечип алышсын», — деди Миргүл Темирбаева.

Ал белгилегендей, насыянын жалпы суммасы 40 миллион сомдон ашык.

«Айылдар калыбына келтириле элек. Алардын кандайдыр бир ишмердүүлүгүн жүргүзүп, акча табууга мүмкүнчүлүктөрү жок. Банктарга кайрылдык, бирок алар маселени өз алдынча чече албайбыз деп жатышат. Ошондуктан министрлер кабинетинен тапшырма керек», — деп кошумчалады Миргүл Темирбаева.