Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев сотко чакырылат

Бүгүн, 1-декабрда, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кылмыш ишин карап жатат.

Сот отурумуна экс-президент Алмазбек Атамбаев алынып келинген. Сотко УКМКнын экс-жетекчиси Кеңешбек Дүйшебаев менен Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов да катышууда.

Отурум башталгандан кийин биринчи сөз Атамбаевге берилген. Ал эч кандай көрсөтмө бербей турганын айтып, жыйынды анын катышуусуз эле улантууну талап кылды.

“Мени бошотуп эле сотту өзүңөр өткөрө бергиле. Бул циркке катыштырбай эле койгула. Барып-келишиме да кыйын болууда. Азыр айла жок тартип бузам”, — деп мурунку президент суралуучу адамдар отурган кабинанын айнегин тепкилей баштады.

Андан соң конвой дароо Атамбаевди залдан алып чыгып кетти.

Жыйындын жүрүшүндө айыпталуучу Кеңешбек Дүйшебаев президент Садыр Жапаровду, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевди жана парламенттин экс-спикери Талант Мамытовду сотко күбө катары чакыруу өтүнүч келтирди.

Судья Чынгызбек Бердимуратов айыпталуучулардын өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырып, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов сотко күбө катары суракка чакырылаарын айтты.

Эске салсак, Июнь окуясы боюнча кылмыш ишин тергөө 2021-жылдын апрелинде жанданган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата иш 2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө кайгылуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон Кадыржан Батыровдун өлкөдөн тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгып кетишине көмөктөшүү фактысы боюнча козголгон.