ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери автоматташтырылган маалымат издөө тутумун өздөштүрүүдө

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан тергөө сапатын жогорулатуу максатында заманбап санарип тутуму аркылуу жүргүзүлүп жаткан иш кагаздарга көзөмөлдү күчөтүү иштери алып барылууда. Ага байланыштуу «Таза тергөө» программасы негизделип, анын алкагында автоматташтырылган маалымат издөө тутуму (АМИТ) түзүлүп ишке ашырылууда.


Жаңы түзүлүп жаткан маалымат издөө тутумунда тергөө, эксперт-криминалисттик жана технологиялык маалымат кызматтарынын электрондук иш кагаздарынын ыкчам кат алмашуусунда өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу, өндүрүштөн токтотулган кылмыш иштер, эксперт-криминалисттик корутундулар, кылмыш иштердин алкагында алынган буюм далил заттарды эсепке алуу жана алардын сакталышы, эски жылдардан бери архивде сакталып турган кылмыш иштери тууралуу маалыматтар сакталышын камтыйт.

WhatsApp Image 2022 12 01 at 12.50.39 ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери автоматташтырылган маалымат издөө тутумун өздөштүрүүдө


ИИМдин коллегиясында коюлган тапшырмалардын негизинде мерчемделген иш-планга ылайык, 2022-жылдын 1-2-декабрь күндөрү жогорудагы АМИТ тутумун иштетүү жана колдонуу боюнча тергөө кызматкерлерине окутуу иш-чаралары уюштурулууда. Ага республиканын аймагындагы ИИОнун тергөө кызматтарынын көзөмөл-методикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, башкармалык, бөлүм жана бөлүмчөлөрдүн жетекчилери катышууда. Кызматкерлерге программалык тутум менен иштөөнүн зарылчылыгын жана артыкчылыгын түшүндүрүү менен окутууларда ИИМдин Тергөө кызматынын начальниги милициянын полковниги Альтаир Исмаилов өзү катышып, кызматкерлерге программаны кыска мөөнөттө өздөштүрүүнү тапшырды.


Буга чейин ушундай эле окутуу иш-чаралары ИИМдин Академиясынын кылмыш-жаза процесс кафедрасынын мугалимдер курамына жана аймактык бөлүмдөрдүн сотко чейинки өндүрүш иштер боюнча орун басарларына өткөрүлгөн. Программаны окутуу иштерин тергөө кызматынын тергөө ишмердүүлүгүнө таалдоо жүргүзүү бөлүмүнүн начальниги, милициянын майору Али Мавлянов жана ошол эле бөлүмдүн ага тергөөчүсү, милициянын полковниги Азамат Дуйшеналиев өткөрүүдө.
Окуунун аягында ар бир кызматкерден АМИТ тутумун кандай деңээлде өздөштүргөндүгү боюнча зачеттор кабыл алынат.

WhatsApp Image 2022 12 01 at 12.50.40 ИИМдин Тергөө кызматынын кызматкерлери автоматташтырылган маалымат издөө тутумун өздөштүрүүдө

ИИМдин Басма сөз кызматы