Элдик курултайды өткөрүүгө 20 млн сом сарпталган

Биринчи элдик курултайды уюштурууга пландагыдан азыраак каражат жумшалды. Бул тууралуу 1-декабрда маалымат жыйында Биринчи элдик курултайдын төрагасы Кадырали Кошалиев билдирди.

«Каржылоо маселесине келсек, бюджеттин эсебинен толукталган президенттин расмий юридикалык фонду бар. Өлкө башчы жакында өткөн жыйында мамлекеттик каражаттан башка дагы коомдук каражаттар бар экенин айтты. Бүгүнкү күндө мамлекеттин каражатына зыян келтирбей, алардын жардамы менен бир топ маселелерди чечүүгө аракет кылып жатканын белгиледи», — деди К.Кошалиев.

Ал курултайды өткөрүү коомдук фонддун эсебинен каржыланганын айтты.

«Эгер пландарда 30 миллион сом каралса, үнөмдүү пайдалануунун негизинде 20 млн сомдун тегерегинде каражат кеткени кабарланды. Бул тууралуу мындан аркы маалымат жыйында дагы  айтылат деп ойлойм. Бул мамлекеттик мекеме өзүнүн конституциялык милдеттерин аткарып жатат дегенди билдирет», — деп кошумчалады ал.