Кыргызстандык дзюдочулар дүйнөлүк рейтингде жеңишке жетишти

Эл аралык дзюдо федерациясы (IJF) Анталияда өткөн Гранд Слам турниринен кийин дзюдочулардын дүйнөлүк рейтингин жаңылады.

Кыргызстандын дзюдо федерациясынан билдиришкендей, Эрлан Шеров дүйнөлүк рейтингде көтөрүлүп, 15-сапка жайгашты.

Ал эми Кубанычбек Айбек уулу менен Асад Масабиров мыкты 30 спортчунун катарына кирди.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Айбек уулу Тбилиси шаарында өткөн Grand Slam турниринин жеңүүчүсү болгон.

336923952 890771611981684 6922999478165502903 n Кыргызстандык дзюдочулар дүйнөлүк рейтингде жеңишке жетишти