Токтогул районунун тургунунун сарайынан 25 кг марихуана табышты

ИИМдин басма сөз кызматынын маалымат боюнча баңгизаттар тууралуу ыкчам маалымат алгандан кийин, Токтогул районунун 41 жаштагы Б.З. тургунунун үйүн текшерүү учурунда марихуана табылган.
Сарайда жерге кургатылган кара куурайдын өзгөчө жыты бар, күрөң-жашыл түстөгү чөп табылган. Алынган заттар эки полиэтилен баштыкка салынган, алардын жалпы салмагы контролдук таразада 25 кг марихуаннаны түзгөн.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду”
, – деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Токтогул районунун ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте баңги кылмышынын мүмкүн болуучу катышуучуларын аныктоо боюнча мындан аркы ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

4c0090c7 71e2 452b 908a b36ecfac5dc3 Токтогул районунун тургунунун сарайынан 25 кг марихуана табышты
bedc0dfc 81f2 4eab 81a6 38097bc2d65f Токтогул районунун тургунунун сарайынан 25 кг марихуана табышты
7f71cce0 b084 4358 9d15 aa30335197e1 Токтогул районунун тургунунун сарайынан 25 кг марихуана табышты
628046f5 91ac 4003 9b87 98845be6bec5 Токтогул районунун тургунунун сарайынан 25 кг марихуана табышты
7f71cce0 b084 4358 9d15 aa30335197e1 1 Токтогул районунун тургунунун сарайынан 25 кг марихуана табышты