Жаштардын билимине 200 миң сомго чейин колдоо көрсөтүлөт

Улан-кыздарыбыздын билимине 50 миңден 200 миң сомго чейин каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, “Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев бүгүн, 3-мартта Биринчи радионун “Эл өкүлү” долбооруна катышып жатканда билдирди.

Парламент ишмердүүлүгү, андагы партиялык система менен бир мандаттуу шайлоо округунан келген депутаттардын фракциялардагы биримдиги тууралуу өз көз карашын ортого салган депутат М.Маматалиев, “Бул багытка баам салган жумушчу топ эл өкүлдөрүнүн партиялык шартта иш алып барганы натыйжалуу болоорун белгилеп жатат. Буга жумушчу топтогулардын 70%ы ынанды”, — деп билдирди.