Өлкөдө үй-бүлө кургандар менен ажырашкандардын саны азайды

Кыргызстанда үй-бүлө кургандар менен ажырашкандардын саны азайды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, быйыл жарым жылда 19 миң 347 жуп баш кошкон. Былтыркы жылдын 6 айына караганда үй-бүлө кургандардын саны 2 миң 687ге азайган.

Ошол эле учурда быйыл 6 айда 5 миң 814 жуп ажырашкан. Ал эми былтыр жарым жылда алардын саны 6 миң 67 болгон.