Жаштарды тарбиялоодо улуулардын салымы чоң. Баткенде милиция аксакалдар менен жолугушууда

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 24-31-январына чейин Баткен облусунун аймагында “Экстремист” аталышындагы иш-чарасы өткөрүлүп жатат. Бул иш-чаранын жүрүшүндө жарандарга Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик, террористтик уюмдардын ишмердүүлүгү жана алардын өзгөчөлүктөрү, интернет мейкиндигиндеги диний-экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан каралган жоопкерчиликтер, бул багыттарда ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар берилүүдө. Буга утурлай, Баткен РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери, балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору жана милициянын аймактык тескөөчүлөрү Баткен районундагы Кара-Бак айылына дагы барышып, аксакалдар менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Анда, жаштарды тарбиялоодо улуулардын салымы чоң экендигин милиция кызматкерлери баса белгилешти.
Бул өткөрүлүп жаткан иш-чаранын максаты жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңында диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу маалыматтардын жайылышына жол бербөө, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо болуп саналат.