Кыргызстан менен Өзбекстан алакасы: Суммасы $1,5 миллиардды түзгөн долбоорлорго кол коюлат

Бүгүн, 27-январда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

“Бүгүн биргелешкен ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнү караштырган эки тараптуу документтерге кол коюлат. Биздин өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлери баш болгон ыйгарым укуктуу органдар тоо-кен тармагы, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүдө, энергетикада, курулушта, инфраструктурада жалпы суммасы 1,5 миллиарддан ашык АКШ долларына биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча чоң иштер аткарылды”, — дейт Садыр Жапаров.

Өлкө башчы пландаштырылган долбоорлор жакынкы аралыкта толугу менен ишке ашарына ишенерин билдирди.

“Албетте, инвестициялык долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу үчүн каржылоо талап кылынат. Бул багытта Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонсок болот. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында Жалал-Абад облусунда пахтаны кайра иштетүү, текстиль өндүрүшүн, соода-логистикалык борборлорду түзүү, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарында, ошондой эле бир катар чакан ГЭСтерди куруу боюнча биргелешкен ишкананы каржылоонун маанилүүлүгүн белгилегим келет. Биргелешкен долбоорлор биздин өлкөлөрдүн чек арага жакын аймактарынын калкынын жана өнөр жайынын керектөөлөрүн камсыздайт”, — деп айтты мамлекет башчы.