Маматалиев: Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо багытындагы мыйзамдар күчтөндүрүлүүдө

 Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, “Ынтымак” фракциясынын лидери Марлен Маматалиев бүгүн, 3-мартта Биринчи радионун “Эл өкүлү” долбооруна катышуу учурунда билдирди.

Ал үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоо багытындагы мыйзамдарды күчтөндүрүп жатканын айтты.

“Бачабаздарга жазаны катаалдаштырууга басым жасалууда. Андан тышкары, 5 миңден 10 миңге чейинки жумуш орундарын түзүү максаттары күн тартибинде турат. Жаш кадрларды даярдоодо жогорку билим алам деген улан-кыздарыбызга 50 миңден 200 миң сомго чейинки каржылык колдоолор көрсөтүлөт. Бул негизде натыйжалуу иштер жүрүп жатат”, — деп кошумчалады депутат.