
Бишкектин Төмөнкү Жал кичи районунда мектеп окуучусу түндө төртүнчү кабаттын терезесинен кулап кеткен. Бул тууралуу соцтармакка видео жарыяланды.
«14 жаштагы кыз 4-кабаттын терезесинен кулап түштү. Ал үйдөн качкысы келдиби же бир нерсе болдубу, билбейм. Кыз аман-эсен, тез жардам чакырылды», — деп жазган соцтармак колдонуучусу.
Ал эми Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя болгондугун тастыктап, 3-март күнү саат 22:49дар чамасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатынан кыз кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөнү кабарлады.
«Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо чыгып кетип, факты тастыкталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, жашы жете элек М.С. 2010-жылы туулган, ошол күнү үйдө жалгыз жана кулпуланган болгон. Достору менен сейилдөө үчүн батирден качып чыгууну чечип, балкон аркылуу түшүп кетүүгө аракет жасап ага шейшептерди колдонгон. Учурда ал ооруканада», — деп жазылат билдирүүдө.
Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнин каттоо-журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Я в шоке ребят. Девочка лет 14 выпала из окна четвертого этажа.
— kаsiet (@karacholokova) March 2, 2023
То ли сбежать из дома хотела , то ли что, не знаю. Девочка цела, скорую вызвали. pic.twitter.com/xg0HyqZamD
Я в шоке ребят. Девочка лет 14 выпала из окна четвертого этажа.
— kаsiet (@karacholokova) March 2, 2023
То ли сбежать из дома хотела , то ли что, не знаю. Девочка цела, скорую вызвали. pic.twitter.com/xg0HyqZamD