Алдамчылыкка шектелип абакта көз жарган аял бошотулду

Бишкек шаардык соту абакта көз жарган Аида Исакованын камактан бошотту. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта адвокат Канат Хасанов билдирди.

Ал соцтармактагы баракчасына жазгандай, жазаны аткаруу мөөнөтүн Исакованын төрөгөн баласы жашы жеткенге чейин жылдыруу бөлүгүндө өзгөртүлгөн.

Буга чейин социалдык тармактарда соттолуп жаткан аялдын наристеси менен сүрөтү тараган. Жактоочунун айтымында, 2022-жылдын декабрында Свердлов райондук соту аны алдамчылык үчүн алты жылга эркинен ажыраткан. Андан кийин ал кош бойлуу болгон.

15-февралда борбор калаанын СИЗОсунда аял төрөгөн. Ал андан тышкары дагы алты баланы тарбиялап жатат.

Сүрөт коомчулукта резонанс жаратып, колдонуучулар айыпталуучуну камактан бошотууну жана кечирим берүүнү талап кылышкан.