Кыргызстан зордук жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө конвенцияны ратификациялайт

Эмгек министрлиги “Эл аралык эмгек уюмунун Эмгек чөйрөсүндө зордук жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө №190 Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Документ Koomtalkuu.gov.kg порталында жайгаштырылды.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде эмгек тармагында зомбулук жана асылуу жүрүм-турумдун кабыл алынгыс формалары экени белгиленген.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу – жумушчуларды, өзгөчө аялдарды коргоого түрткү берери айтылат.

Документ эмгек ишмердүүлүгүнүн бардык тармагында, анын ичинде жеке мекеме-ишканалардын кызматкерлерине карата да колдонулат.

Конвенцияда заманбап дүйнөдө, өзгөчө пандемия маалында аралыктан иштөө мүмкүн экени да камтылган.

Ыдыкка кабылгандардын дээрлик көпчүлүгү аны коомчулукка айтып чыгуудан жазганышат.

Себеби, жаралган жагдайда өзү күнөөкөр болуп каламбы деп коркушат.

Статистикага ылайык, өлкөдө аялдардын 83% психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылган. Бирок, көпчүлүгү укук коргоо органдарына эч кайрылышкан эмес.

2019-жылы Эл аралык эмгек уюму зордук-зомбулукту, куугунтуктоону жана асылууну жоюу боюнча конвенция кабыл алган.