Айгүл Жапарова Валентина Матвиенко менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова 6-мартта, “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу кыргыз-россиялык Аялдардын биринчи форумуна катышуусунун алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. 

КР президентинин аппаратынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү маселелери, ошондой эле аялдардын күн тартиби боюнча пикир алмашты.

Валентина Матвиенко Айгүл Жапаровага бул Аялдардын форумуна катышуу чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, анын Аялдар күнүн утурлай өтүп жаткандыгынын символикалуулугун белгиледи. 

Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Форумдун  өтө мазмундуу программасын баса белгилеп, бул иш-чаранын актуалдуулугун айтты. Азыркы реалдуулукта коомдун турмушунда аялдын үнү жогору жетиш керек жана буга ар тараптан жардам берүү зарыл. 

Биринчи айым Айгүл Жапарова Россия тарапка чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, Аялдар форумунун алкагында жетишилген макулдашуулар Кыргыз-Россия достугун мындан ары да чыңдап, боордош эки элдин жыргалчылыгы үчүн көп кырдуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошоорун белгиледи. 

Айгүл Жапарова Кыргызстан Россия менен болгон мамилени жогору баалай турганын баса белгиледи. Эки өлкөнүн элдеринин достугу узун заман жана тарых менен далилденген узак мөөнөттүү ишенимге жана жакшы мамилелерге негизделген. 

Маданий-гуманитардык мүнөздөгү маселелерге токтолуп, ал быйыл Кыргызстан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) төрагалык кылып жатканын, быйыл улуттар аралык баарлашуу тили катары орус тили жылы деп жарыяланганын белгиледи. Кыргызстан үчүн орус тили биринчи кезекте орус маданиятынын, анын илимий-техникалык жетишкендиктеринин казынасынын ачкычы, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Россияда эмгек укуктарын ишке ашыруу жана россиялыктарды кыргыз маданияты жана тарыхы менен тааныштыруу мүмкүнчүлүгү катары саналат. 

Ошондой эле быйыл улуу планетардык масштабдагы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракеси кеңири белгиленет. 

Ушуга байланыштуу, кыргыз тарап КМШ алкагында өтө турган көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган тематикалык иш-чараларга активдүү катышууга жана анын эмгектерин 2023-жыл КМШда эл аралык баарлашуунун тили катары орус тили жылы деп жарыялоонун алкагында орус тилин изилдөө аркылуу орус тилин жайылтууга даяр. 

Биринчи айым Айгүл Жапарова Валентина Матвиенкону ага ыңгайлуу болгон каалаган учурда Кыргызстанга келүүгө чакырды. 

Тараптар эки өлкөнүн мамилелерин достук жана ишенимдүү түрдө мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга макулдашты.

bek 8180 Айгүл Жапарова Валентина Матвиенко менен жолугушту
bek 8216 Айгүл Жапарова Валентина Матвиенко менен жолугушту