Президент менен биринчи айым Пекинге келди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Кытайдын Пекин шаарына келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган шаарда президенттин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы иш-чаралар уланат. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда.

Эртең президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын алкагындагы иш-чаралар Цзинань шаарында уланат.

5 3 Президент менен биринчи айым Пекинге келди
4 2 Президент менен биринчи айым Пекинге келди
3 2 Президент менен биринчи айым Пекинге келди