ӨКМ чукул билдирүү таратты

Бүгүн, 19-майда ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, жакынкы бир саат аралыгында ошондой эле кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт.

Жарандарды жеке коопсуздук жана материалдык чыгымдарга алып келүүчү кырсыктын алдын алуу үчүн, эрежелерди сактоо менен этият болууга чакырабыз.