“Меням-сеням”: Парламентте диалект менен күрөшүү сунушталды

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуусунда катышуучулардын бири – журналист Куттумидин Базаркулов түштүк диалект менен “күрөшүүнү” сунуштады.

image 46 1 "Меням-сеням": Парламентте диалект менен күрөшүү сунушталды

“Мен өзүм Жалал-Абад шаарында чоңоюп-өскөм. Мен бир нерсени айткым келет: түндүк менен эле эмес, түштүк “меням-сеням” менен да күрөшүү зарыл. Тилибизди ушундай жол менен оңдоого туура келет. Анткени Кадыржан Батыров 2010-жылы тил маселесин көтөргөн. Тил көйгөйүн кылдат карап чыгуу зарыл”, – деди журналист.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтуусу боюнча, ал мамлекеттик тилди колдонуунун жана мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруунун юридикалык негиздерин түзүүгө багытталган.