Садыр Жапаровго Бөлтүрүктүн иши боюнча эки компания 137,5 млн сом төлөгөн

Коррупциялык иштери үчүн камакта жаткан Теңгиз Бөлтүрүктүн жактоочусу Кайсын Абакиров президент Садыр Жапаровго Бөлтүрүктүн иши боюнча эки компания 137,5 млн сом төлөгөнүн айтып кат жазды. 

Абакиров бул боюнча: «Белгилей кетсек, учурда кылмыш иши КР Башкы прокуратурасы тарабынан тыкыр иликтенип жатат жана учурда казакстандык Apollo Resources компаниясы 137.5 млн сом, ошондой эле «Центр Азия Метал» компаниясы 20 млн сом төлөгөн. Жакында бул жаатта дагы жаңылыктар болот», — деп жазды.

Бирок, коомчулукта булар атайын сценарий менен түкүнчө баланча төлөп салды деп ооз толтуруп, жел сандар менен элдин кулагын көндүрүп, зыяндын ордун толуктаса чыгарылсын деген маалыматтык манипуляция кылган план менен иштеп жатышабы деген шектенүү күч.