Ысык-Көлдөгү жерлерди курорт салуу үчүн инвесторлорго берүү сунушталды

Ысык-Көлдүн рекреациялык аймагындагы жерлерди чет өлкөлүк жарандарга убактылуу пайдаланууга берүүгө жана рекреациялык объекттерди менчигине алуусуна уруксат берүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоору депутаттар Балбак Түлөбаев, Бактыбек Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев тарабынан иштелип чыккан.

Маалымкат-негиздеме айтылгандай, рекреация объекттери дегенде менчигинин формасына жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруунун укуктук формасына карабастан, эс алуу, ден соолукту чыңдоо, туризм үчүн пайдаланылуучу, рекреациялык, мейманканалык кызматтарды, ден соолукту чыңдоо, жашап туруу, эс алуу, туризм боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын чегинде жайгашкан пансионаттар, курорттор, эс алуу үйлөрү, коттедждик шаарчалар, конок үйлөр жана башка объекттер түшүнүлөт.

Мыйзам долбоору инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга багытталган.

«Жагымдуу инвестициялык маанайды түзүүнүн зарылдыгын эске алуу менен, көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк жактарга рекреациялык объекттерге менчик укугун жана пайдаланууга берүү менен байланышкан түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда, алар «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүүгө, курорттук-рекреациялык аймакка жана жалпы эле республикага чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга өбөлгө түзөт», — деп айтылат документте.

Сунушталган өзгөртүүлөр:

— Чет өлкөлүк жарандарга, чет өлкөлүк юридикалык жактарга калктуу конуштардан тышкаркы, рекреациялык объекттерге пайдаланылуучу жер участоктору Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жалпы негиздерде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн;

— Рекреация объекттери чет өлкөлүк жарандардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын менчигинде болушу мүмкүн;

— Чет өлкөлүк жарандарга, чет өлкөлүк юридикалык жактарга рекреациялык объекттерге пайдаланылуучу жер участоктору Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет.