Жалал-Абад шаарындагы абакка баңгизат өткөрүүгө аракет кылган адам колго түштү

Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 27-февраль күнү саат 17:05 чамасында Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №10 – мекемесинин кызматкерлери ИИМдин Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын СБНКнын кызматкерлери менен биргеликте түзөтүү мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракетин алдын алышкан.
Жүргүзүлгөн профилактикалык ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, аталган мекеменин түштүк тарабынан КР жараны 1989-жылы туулган Ж.А.Н. мекеменин аймагына өткөрүп берүүнү көздөгөн скотч менен оролгон, кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар, гашиш баңгизатына окшош, жалпы салмагы 510 граммды түзгөн таңгак алынды”, – деп айтылат маалыматта.
Бул факты Жалал-Абад ОИИБнин РИИБге каттоого алынды. Кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 02 28 at 12.18.19 1 Жалал-Абад шаарындагы абакка баңгизат өткөрүүгө аракет кылган адам колго түштү
WhatsApp Image 2023 02 28 at 12.18.20 Жалал-Абад шаарындагы абакка баңгизат өткөрүүгө аракет кылган адам колго түштү
WhatsApp Image 2023 02 28 at 12.18.19 Жалал-Абад шаарындагы абакка баңгизат өткөрүүгө аракет кылган адам колго түштү