ИИМ: Ысык-Көл жана Нарын облустарынын милиция кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы текшерилди

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын күжүрмөн даярдыгын чыңдоого, кесиптик тажрыйбаларды өркүндөтүүгө карата министрдин буйругу менен министрдин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов башында турган Ички иштер министрлигинин атайын тобу түзүлгөн.
Маалыматта, буйруктун талаптарын аткаруу боюнча Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын 2023-жылдагы уюштуруу мерчемине ылайык, Ысык-Көл жана Нарын областтык ички иштер башкармалыктарынын борбордук аппаратынын, райондук- шаардык бөлүмдөрүнүн өздүк курамын “АЙГАЙ” белгиси боюнча көтөрүп, уюштуруу башкаруучулук чечимдеринин аткарылышы жана кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгы текшерилгени айтылат.
“АЙГАЙ” белгиси боюнча көтөрүүдө атайын буйруктарда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде Ысык-Көл жана Нарын областтык ички иштер башкармалыктарынын борбордук аппаратынын, райондук-шаардык бөлүмдөрүндө өздүк курамдын чогулушу “жакшы” деген баага татыктуу болду. Бирок, кызматтык кужүрмөн даярдыктар жана кызматтык ишмердүүлүктөрдү кынтыксыз аткаруу боюнча бир катар кемчиликтер орун алган. Ошондой эле ИИМдин бир катар буйруктарынын аткарылышы тиешелүү талаптарга жооп берген эмес, – деп айтылат маалыматта.
Жыйынтыгында Ысык-Көл жана Нарын областтык ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерине бир катар кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы текшериле тургандыгы эскертилди.

WhatsApp Image 2023 02 28 at 12.25.57 1 ИИМ: Ысык-Көл жана Нарын облустарынын милиция кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы текшерилди
WhatsApp Image 2023 02 28 at 12.25.57 2 ИИМ: Ысык-Көл жана Нарын облустарынын милиция кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы текшерилди