Алты жылга соттолгон келин абактан көз жарды

Карызын төлөй албай калганы үчүн 6 жылга соттолгон келин абактан көз жарганын жактоочу Замир Жоошев Фейсбук баракчасында билдирди.

Анын айтымында келин эки жума мурун абакта көз жарган. Ал ымыркайы менен дагы деле камакта, бүгүн, Шаардык сотто иши каралды. Ал карызга (процентке) акча алып кутула албай калган. 

“15-февралда СИЗОдо көз жарган. Үйүндө жашы жете элек 6 баласы күтүп жатат. 2022-жылдын декабрь айында Свердлов райондук соту тарабынан 6 жылга эркинен ажыратылган. Келин кош бойлуу кезинде алган акчасын кайтарып бере албаганы үчүн соттолгон. Бишкек шаардык соту оң чечим чыгарып берет деген ойдобуз”,- деп жазды жактоочу.

Маалыматка ылайык, сүрөт бүгүн, 28-февралда Бишкек шаардык сотто болгон соттук отурум учурунда тартылган.

Белгилей кетсек, буга чейин 8 айлык боюнда бар жана 6 баланын энеси 36 жаштагы Аида Исаковага “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Свердлов райондук соту 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Бирок кош бойлуу айымдын жактоочулары райондук соттун чечимине каршы аппелияциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.