Бишкекте келин таксиде көз жарды

10-декабрда Бишкекте келин таксиде көз жарган. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка караганда, келинди 26 жаштагы Керимбек уулу Асылбек ооруканага жеткирген.

«10-декабрда Калык Акиев менен Чокиоров көчөсүнөн буйрутма түштү. Барсам эки эже анан бир эркек киши түштү. №2 төрөткананы белгилеп коюшуптур.

Унаанын эшигин ачып, колундагыларын алып салып жатканымда «мен төрөтканага жетпей калдым окшойт» деди. Мен түшүнбөй калдым. Жанындагы эже жардам берип, ымыркай унаада төрөлдү. Бала ыйлады. Мен эрте жеткиргенге аракет кылдым. 2-3 мүнөттө жеттик. Баланын абалы жакшы экенин айтты. Баланын өмүрү узун болуп, кыргыз элине кызмат кылган жаран болсун! Жакында барып куттуктап келебиз»,-деп билдирген ал.