Жапаров Евробиримдиктин элчиси менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мэрилин Йосефсон менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Эки тараптуу кызматташтыктын жана аймактар аралык байланыштардын динамикасы жыл сайын сапаттык жактан өсүүдө, Кыргызстан менен Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү жогорулоодо. Биз Евробиримдик менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даярбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Жапаров белгилегендей, кыргыз тарап климаттын өзгөрүү кесепеттерин жумшартуу контекстинде «жашыл» экономикага трансформациялоонун жана ресурстарды үнөмдөө маанилүүлүгүн түшүнүү менен, аз көмүртектүү циклдүү экономиканын ийгиликтүү моделдерин киргизүү боюнча Евробиримдик менен кызматташууга кызыкдар.